Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:38

«Бир Бол» айыл чарба министринин кызматына Токтогазиевди сунуш кылды


Тилек Токтогазиев. (Сүрөт Токтогазиевдин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).
Тилек Токтогазиев. (Сүрөт Токтогазиевдин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).

Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

«Премьер-министр колдойт деп ишенебиз. «Кезек жаштарда. Келечек жаштардыкы» деп айтабыз. Келечекти күтпөй, аны жаштарга бүгүн бергенибиз туура болот», деди Сулайманов.

«Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу айыл чарба министринин кызматына талапкерлигин көрсөткөн.

Ал эми «Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Былтыр айдалган картөшкө сатылбай, ороолордо чирип кеткендиктен министрликтин ишине сын-доомат көп айтылды. Өкмөттүн соңку жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дал ушул маселе боюнча Мурашевдин ишин сындаган. Мурашев бул министрликке жетекчи болуп 2016-жылдын аягында дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG