Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:39

Будапештте кайык менен кагышкан кеменин капитаны кармалды


Кырсыкка кабылган кайыктагы туристтер негизинен түштүк кореялыктар болгон. 30-май, 2019-жыл.
Кырсыкка кабылган кайыктагы туристтер негизинен түштүк кореялыктар болгон. 30-май, 2019-жыл.

Венгриянын бийлиги Дунайда бара жаткан кайык менен кагышкан кеменин капитанын камакка алды. 64 жаштагы украин жараны "шалаакылык" үчүн айыпталууда.

Венгриянын баш калаасы Будапештте 29-майдын түнү Дунай дарыясында туристтер сейилдеп жүргөн чакта кайык оодарылып кеткен. Анда бара жаткан 35 кишинин ичинен жетөө аман калса, дагы жети киши каза тапканы ырасталган. Ал эми табыла элек 21 адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Кырсыкка кабылган кайыктагы туристтер негизинен түштүк кореялыктар болгон.

Кырсыкка туристтер түшкөн кайык Будапешт парламентинин маңдайында турган дагы бир кемеге урунуп, көңтөрүлүп калганы себеп болгону айтылды. Бир нече күндөн берки нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам азыр Дунай дарыясы кирип турган маалы. Оодарылып кеткен кайык 45 кишиге ылайыкташкан.

XS
SM
MD
LG