Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

БУУнун өкүлү: Ассанждын психологиялык абалы оор


Жулиан Ассанж
Жулиан Ассанж

«WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж «психологиялык кыйноонун» кесепетинен жапа чеккени байкалат. Бул тууралуу БУУнун кыйноого каршы атайын баяндамачысы Нильс Мельцер маалымдады. Ал Британ түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан австралиялыкка жолугуп чыккан.

Мельцердин айтымында, Ассанждын ден соолугунда анча-мынча көйгөй бар, ага түрмө кызматкерлери зарыл жардамды берип жатат. Ошол эле кезде аны Жулиан Ассанждын психологиялык абалы өтө тынчсыздандырган.

БУУнун өкүлүнүн оюнча, Ассанж өтө тынчсызданып, өз оюна терең чөмүлүп, аны айланадагы бардык адамдардан коркуу сезими чулгап алган. Ошондуктан аны менен сүйлөшүү оор болгон.

Эгер АКШга экстрадиция болсо, өмүр бою камалышы ыктымал экенин эске алып, Британияга аны экстрадиция кылбашы керектигин кошумчалады БУУнун өкүлү.

Вашингтон өткөн жумада «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга 17 пункт боюнча кошумча айып койгон. Ал жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жарыялаган жана компьютерди бузуп кириш үчүн кутумга барган деп айыпталууда.

Буга чейин Вашингтон Ассанжды Пентагондун компьютердик түйүнүн бузуп кирүү аракети үчүн гана соттогону жаткан. Бул кылмыш үчүн ал эң көп дегенде беш жылдык мөөнөткө соттолмок. Эгер Ассанж Британиядан АКШга экстрадиция болсо ал мындан да катаал жазаланышы ыктымал.

Би-Би-Си Юстиция министрлигинин өкүлүнө таянып жазганына караганда, Ассанж ар бир пункт үчүн 10 жылдан соттолушу мүмкүн.

Ассанж 2012-жылы «Зордуктоо» беренеси менен айыпталып жаткан Швецияга экстрадициялануудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага баш калка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган. Учурда Ассанж күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Улуу Британиянын түрмөсүндө 50 жумалык камакта отурат. Мындан тышкары сот аны жашыруун маалыматтарга мыйзамсыз жолдор менен жетүү үчүн айыптап жаткан АКШга өткөрүп берүүнүн жолдорун карап жатат. Ал ортодо Швеция да Ассанжды экстрадициялоону талап кылуу ниети бар экенин билдирди.

Ассанж дайыма Кошмо Штаттарга экстрадициялануудан кооптонуп жатканын айтып, ал жакта ага карата олуттуу айыптар коюлушу мүмкүн экенин айтып келген.

«WikiLeaks» сайты Швециядагы кылмыш ишинин калыбына келтирилишин «саясий басымдын» жыйынтыгы деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG