Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Дональд Трамп британ премьер-министри Тереза Мэй менен жолукту


АКШнын президенти Дональд Трамп премьер-министр Тереза Мэй менен кездешти. Лондон, 4-июнь, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп премьер-министр Тереза Мэй менен кездешти. Лондон, 4-июнь, 2019-жыл.

3-июнда мамлекеттик сапар менен Британияга келген Дональд Трамп бүгүн премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анда Кытай менен мамиле, атап айтканда кытайлык «Huawei» компаниясы тууралуу да сөз болгону маалым болду.

Вашингтон коопсуздуктан улам кытайлык «Huawei» телекоммуникациялык компаниясынын Европада 5G тармактык системасын орнотуу ишине катышуусуна каршы болуп келе жатат. АКШнын көз карашында, бул Кытай өкмөтүнө маалыматтарды алууга жана тыңчылык кылууга шарт түзүшү мүмкүн.

АКШ президентинин бул сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талкуу уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди.

Трамп Тереза Мэй жолугушууда Британия Брекзиттен кийин АКШ менен эң жакшы келишим түзүшү мүмкүн экенин да билдирди. Кошмо Штаттардын лидери Лондондо ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолукту.

Трамптын саясатына каршы шейшемби күнү Британияда ири акциялар да уюштурулган. Ушуга байланыштуу өкмөттүн кеңсеси жайгашкан Лондондогу Даунинг-стрит аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Трамп 2018-жылы келгенде да британдыктар аны нааразылык акциялары менен тосуп алган.

АКШ президентинин сапарынын биринчи күнүндө, 3-июнда Британ ханышасы Елизавета II менен ханзаада Чарльз АКШ президенти Дональд Трампты жана анын жубайы Меланияны Букингем сарайында кабыл алып, сый тамак берди.

XS
SM
MD
LG