Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

ТИМ Орокко барган түрк элчисинин аракетин талдайт


Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыраттын чыр чыккан Төмөнкү Орок айылына барганы боюнча кеңешме өткөрүп, билдирүү кабыл алат. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

- Ал боюнча бүгүн Тышкы иштер министрлигинде кеңешме өтүп, жолугушуу болот. Маалыматты күндүн жүрүшүндө беребиз. Кечээ эми ызы-чуу болбодубу. Биз бул маселе боюнча өз ичибизден сүйлөшөбүз, - деди Дыйканбаев.

5-июндун кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Чүйдүн Төмөнкү Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттер менен болгон маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан.

Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 32 адам кармалып, кайра кое берилди.

Мунун алдында Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыкты. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG