Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Төмөнкү Орокто чогулгандар тарай баштады


Төмөнкү Орокто чогулгандар тарай баштады. 6-июнь, 2019-жыл.
Төмөнкү Орокто чогулгандар тарай баштады. 6-июнь, 2019-жыл.

Сокулук районунун Төмөнкү Орок айылында чогулган эл тарай баштады.

«Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, кармалган баланын атасы чогулгандардан кечирим сурап, кол алышты.

Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 31 адам кармалып, кайра кое берилди, дагы бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.

Ушул эле күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыккан. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (AiN)

XS
SM
MD
LG