Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Сокулуктун чыр-чыккан Жаңы-Жер жана Төмөнкү Орок айылдарындагы кырдаал тынчый электигин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" "Эки-бир" берүүсүндө маек куруп жатып билдирди.
“Абал чынында жакшы эмес. Мурдагүнү, кечээ түнү менен жүрүп кармалган кыргыз балдарды чыгардык. Бүгүн кармалган күрд балдардын 14 жаштагысын чыгарып койсо, ага Ороктогу жаштар нааразы болуп чогулуп жатышат. Мен азыр силерден чыгып алып дагы Орокко барам. Андан тышкары Жаңы-Жерде да мушташ болуп кетти, билесиңер. Негизи коомдо кандайдыр бир чыңалуу бар. Орокто эмне үчүн бар? Анткени ошол жердеги эки-үч бала көптөн бери мыйзам бузууга барып, анча-мынча кишилерди уруп жүргөн экен. Жергиликтүү аялдар “ал балдарды милиция такай кое берип жиберет” деп даттанышты. Милициянын башчысын чакырсам, “таяк жегендер өздөрү жазган арыздарын кайтарып алышат, ошентсе анан иш токтойт да”, - деди. Ошондуктан, чынында бул абал токтогон жок. Чыңалуу дагы деле бар”, - деди.
Муну менен катар ал мушташты “улут аралык чыр" деп атоо туура эместигин” белгиледи.
Журналисттердин “мындай чырлардын алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик эмне кылып жатат?” деген суроосуна Туйгунаалы Абдраимов “тараптарды чай үстүнө чакырып, ынтымакка чакыруу, достоштуруу аракеттери дайым жүргүзүлүп келет” деп жооп берди.
5-июнда Сокулуктун Төмөнкү Орок айылында Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 31 адам кармалып, кайра кое берилди, дагы бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат.
Ушул эле күнү аталган райондун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыккан. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. (ErN)