Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Францияда кыз-келиндердин дүйнөлүк футбол таймашы башталды


Меморандумдан кийинки сүрөт. 7-июнь, 2019-жыл.
Меморандумдан кийинки сүрөт. 7-июнь, 2019-жыл.

Францияда аялдар арасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. 7-июнда старт алган беттештер 7-июлга чейин уланат.

Таймашка 179 өлкөнүн командалары ат салышып, негизги оюнга 24ү иргелип чыккан.

Төрт жыл мурда чемпиондукту АКШнын курама командасы жеңип алган.

"БУУ-аялдар" уюму FIFA менен алгач ирет кызматташуу меморандумуна жетишти.

Ага 7-июнда дүйнөлүк футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино менен БУУнун аялдардын укугу жана мүмкүнчүлүгү, гендерлик теңчилик боюнча уюмунун (БУУ-аялдар) аткаруучу директору Фумзиле Мламбо Нгкука кол коюшту.

Мындан ары FIFA менен "БУУ-аялдар" уюму эл аралык уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун жардамы менен кыз-келиндер спортун өнүктүрүү жаатында иштерди кеңейтет. (SA)

XS
SM
MD
LG