Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Камактагы Салянова кардиологдун жардамына муктаж экенин айтты


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянова кардиологдордун толук текшерүүсүнөн өткөрүүнү суранды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкери Гүлбарчын Ормонбекова «Азаттыкка» билдирди. Ал тергөө абагына 7-июнда, Салянованын бөгөт чарасы аныкталгандан кийин кирип чыккан.

- «Эч кандай кыйноо, катаал мамиле болгон жок» деп айтты. Бирок ден соолугуна байланыштуу «кардиологдун толук текшерүүсүнө, УЗИден өтүүгө муктажмын» деди. Кармоо шартын, камераны көрдүк. Жакшы эле экен. Тамак-ашы бар.

Ормонбекованын айтымында, Саляновага кардиологдор бүгүн, 10-июнда чакырылмай болгон.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Салянова «Азаттыктагы» маегинде Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин айткан.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана аз өмүрү калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес. Батукаевдин көзү тирүү экени белгилүү.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданды. Анын алкагында Саляновадан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, депутат жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер, Сагынбаева кайрадан үй камагына чыгарылган. Атахановдун да бөгөт чарасы өзгөргөнү кабарланып, бирок тиешелүү органдар анын үй камагына чыкканын ырастай элек. ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, парламенттин азыркы депутаты Зарылбек Рысалиев да сурак берип жатканда өзүн начар сезип ооруканага түшкөн. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG