Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Германиянын тышкы иштер министри Иранга барды


Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маасирандык кызматташы Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту. Тегеран, 10-июнь, 2019-жыл.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маасирандык кызматташы Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту. Тегеран, 10-июнь, 2019-жыл.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас 10-июнда Ирандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк макулдашууну сактап калуунун жолдорун талкуулашары күтүлүп жатат.

Маас 9-июндун кечинде Тегеранга барды. Ал дүйшөмбүдө ирандык кызматташы Мохаммад Жавад Зариф менен жолукту. Кийинчерээк президент Хасан Роухани менен жолугары болжолдонууда.

Сапарын утурлай жасаган билдирүүсүндө Маас сүйлөшүүлөр эки тарапка тең өзөктүк макулдашууну сактап калуу боюнча «конструктивдүү жолдорду» табууга мүмкүнчүлүк берерине үмүт кыларын айтты.

Кошмо Штаттар бир жыл мурун бул келишимден чыгып кеткенине карабай макулдашууга кол койгон мамлекеттердин арасынан Франция, Германия жана Британия аны сактап калууга аракет кылып келатышат.

XS
SM
MD
LG