Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Адвокат: Тергөө абагында Аида Салянованын өмүрүнө коркунуч бар


Рабига Сыдыкова.
Рабига Сыдыкова.

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын өмүрүнө коркунуч бар экенин анын адвокаты Рабига Сыдыкова басма сөз жыйынында билдирди. Адвокат №1 тергөө абагында Салянова прокурор болуп турганда иш козголгон кишилер отурганын эске салды.

Ошол эле кезде Жазаларды аткаруу кызматы бул айтылгандарды четке кагып, Саляновага эч кандай коркунуч жок экенин маалымдап жатат.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Салянова «Азаттыктагы» маегинде Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин айткан.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана аз өмүрү калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес. Батукаевдин көзү тирүү экени белгилүү.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданды. Анын алкагында Саляновадан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, депутат жана беш медицина кызматкери кармалган. Эки дарыгер, Сагынбаева кайрадан үй камагына чыгарылган. Атахановдун да бөгөт чарасы өзгөргөнү кабарланып, бирок тиешелүү органдар анын үй камагына чыкканын ырастай элек. ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, парламенттин азыркы депутаты Зарылбек Рысалиев да сурак берип жатканда өзүн начар сезип ооруканага түшкөн. Тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG