Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Гонконг: акциянын катышуучулары бийликтин кетишин талап кылышууда


Гонконг. 16-июнь, 2019-жыл.
Гонконг. 16-июнь, 2019-жыл.

Гонконгдо бүгүн, 16-июнда миңдеген кишилер кайрадан көчөгө чыгып, аймактын башчысы Керри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Акция жергиликтүү бийлик экстрадиция тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууну убактылуу токтоткондон кийин өтүүдө.

Нааразы тарап документти кабыл алууну убактылуу токтотууга каршы болуп, аны биротоло чакыртып алыш керек экенин билдирүүдө. Мындан тышкары, алар Керри Лам кызматынан кетип, ушул аптанын башындагы митинг учурунда демонстранттарга каршы күч колдонулганы үчүн кечирим сурашы керек деп эсептешет.

15-июнда Гонконгдун бийлиги шаардын жашоочуларын Кытайга экстрадициялоо жолдорун жеңилдетүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу жараяны убактылуу токтотулганын расмий жарыялаган.

Бээжинге баш ийген Гонконгдун администрация башчысы Кэрри Лам «коомдогу тынчтыкты мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүүгө мезгил келип жетти» деп айткан.

Гонконгдун парламенти мыйзам долбоорду 12-июнда кайра карашы керек эле. Бирок ага каршы чыккандар өкмөттүк имараттарга кеткен жолдорду тосушту. Ал кезде митингге чыккандардын саны ар кандай эсеп боюнча 300 миңден миллионго чейин жетти.

Тынчтык акциялары полиция жана элдин кагылышуусу менен аяктады. Полиция демонстранттарды таратыш үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим окторду колдонду. Мыйзам долбооруна каршы чыккандар 16-июнда да көчөгө чыга турганын жарыялап, ага катышууга элди чакырышкан.

Алар Кытай бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген. Бирок акыркы убактарда Кытай Гонконгдун автономиясын чектөөгө багытталган бир катар кадамдарды жасап жатат.

Тайванда да миңдеген киши Гонконгдогу акциянын катышуучуларын колдоп чыгышты.

XS
SM
MD
LG