Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы акция өтөт


Жумуш издеген жарандар. Жалал-Абад шаары.

Кыргызстандагы кесиптик кошуундар бүгүн, 17-июнда Бишкекте нааразылык акция өткөргөнү жатат. Алар «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун чакыртып алууну талап кылышмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын жаштар кеңешинин төрагасы, акцияны уюштуруу комитетинин мүчөсү Элдияр Карачалов билдирди:

- Үч жерде акция өткөрөбүз. Алгач саат 10до Кыргызстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын алдына чогулуп, бийлик өкүлдөрүнө, парламентке кайрылып, мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырабыз. Бул мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет. Ал жарандардын укуктарын чектейт. Бизге кирбеген өз алдынча кесиптик кошуундар бар да. Документте аларды жоюп, мүлкүн бизге кошуу сунушталып жатпайбы. Ал туура эмес. Мыйзам кабыл алынса биз эл аралык деңгээлде уят болобуз. Экинчиден, Жогорку сотто Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун мыйзамсыз шайланганы тууралуу доо арыз каралат. Ал жакка да барууну пландап жатабыз. Кесиптик кошуундар бирикмесинин алдындагы акцияны уюштуруу комитети өткөрөт. Ал эми Жогорку сот менен Горький багындагы митингди кесиптик кошуундардын мүчөлөрү уюштурат. Эгер сот калыс чечим чыгарса, алар Горький эс алуу багына барышып, ал жактагылар менен бирге мыйзам долбооруна каршы акцияны улантышат.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долборун парламенттин бир катар депутаттарынан турган топ иштеп чыккан. Документ 10-июнда тармактык комитетте биринчи окууда өткөн. Ага каршы чыккандар мыйзам долбоору «кесиптик кошуундардын укуктарын чектейт« деген негизде четке кагууну талап кылып жатышат.

Быыл февралда Бишкек шаарында жүздөн ашуун киши Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митинг өткөргөн. Алар жетекчи мүчөлүк акыларды мыйзамсыз жумшап, федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды негизсиз иштетип жатканын айтып, анын иштен кетишин талап кылышкан. Кесиптик кошуундар федерациясынын басма сөз кызматы бул айтылгандар чындыкка туура келбей турганын билдирген. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG