Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Кесиптик кошуундарды кейиткен мыйзам


Кыргызстандык жумушчулар.
Кыргызстандык жумушчулар.

Парламенттин сайтына жарыяланган “Кесиптик кошуундар жөнүндө” мыйзам талаш жаратты. Айрым тармактык кесиптик кошуундар мыйзам кайра талкууга коюлбаса, нааразылык акцияларын уюштурууга даяр экенин билдиришти.

“Арай көз чарай” талкуубузда талаш жараткан кесиптик кошуундар жөнүндө жаңы мыйзамды талдоого алабыз.

Талкууга Курулуш, өнөр-жай тармагы боюнча кесиптик кошуунунун төрагасынын орун басары, Кыргызстан кесиптик кошундар федерациясынын жаштар кеңешинин төрагасы Элдияр Карачалов, “Инсан-Лейлек” коомдук уюмунун жетекчиси, “Мигранттардын кесиптик кошууну” долбоорунун демилгечиси Гүлнара Дербишева, ОшМУнун кесиптик кошуунун төрагасы Абдижапар Аккулов катышты.

"Мүлктүк маселелер боюнча эч кандай өзгөрүү болбош керек" деп алдын ала чектөөлөрдү коюп жатат. Бул Кыргызстандын Конституциясындагы “Биригүү жөнүндөгү” нормаларды одоно бузат.
Элдияр Карачалов

Элдияр Карачалов: Биринчиден, бул жаңы мыйзам кабыл алына турган болсо, Кыргызстанда көз карандысыз кесиптик кошуундар болбойт. Себеби, анда жумушчулардын укугун бир гана Профсоюздар федерациясы коргой турганы жазылган.

Ошондой эле жаңы мыйзам долбоорунда "мүчөлүк уюмдардын иш планын, стратегиясын иштеп чыгууну федерация гана аныктайт" деп турат. Дагы көптөгөн беренелери Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына каршы келет.

Мурда биз федерация башчысы иштей албаса, аны иштен кетире алчубуз. Азыркы мыйзам долбоорунда ага жол берилбейт.

Жаңы жетекчини курултай өтүп, шайлоо бүткүчө күтүшүбүз керек. Бирок андан кийин ал биздин укугубузду коргойбу же коргобойбу өзү чечет экен.

Кесиптик кошуундарды чочуткан мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:25 0:00
Түз линк

Ошондой эле "мүлктүк маселелер боюнча эч кандай өзгөрүү болбош керек" деп алдын ала чектөөлөрдү коюп жатат. Бул Кыргызстандын Конституциясындагы “Биригүү жөнүндөгү” нормаларды одоно бузат.

Абдижапар Аккулов: Кесиптик кошуундар федерациясы сазга батып, жабык уюмга айланып баратат деген пикирлерге толук кошулам. Кызыгы, жаңы мыйзам долбоорду 12-апрелде киргизе коюп, талкуудан өттү деп жатышат. Эч жерде талкуу өткөн жок.

Мыйзам долбоорунда кемчиликтер арбын экенин мен да байкадым. Бизде ушуга чейин профсоюздун бирдиктүүлүгүн жакшы камсыздаган долбоорлор жок экен.

Бир жагынан Кыргызстанда көз карандысыз профсоюздар жокко эсе. Болгондорун саясатташтырып, бузуп алдык.
Гүлнара Дербишева

Гүлнара Дербишева: Бизде жаңы бийлик келсе эле, сөзсүз кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси алмашып, бийликтин өкүлү дайындалат. Албетте, бул жагдай ишке таасир этет. Бир жагынан Кыргызстанда көз карандысыз профсоюздар жокко эсе. Болгондорун саясатташтырып, бузуп алдык.

Азыр биз мигранттардын кесиптик бирлигин түптөп, жакында эле каттоодон өткөрдүк. Көп тоскоолдуктар болду. Учурда бул көз карандысыз профсоюз уюмуна мүчөлөрдүн саны 2 миңге жакындап калды. Жаңы мыйзам долбоору мындай кесиптик кошуундарга каршы келет экен.

Элдияр Карачалов: Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда расмий иштеген 610 миң жумушчу бар. Жалпылап ала турган болсок, Экотехинспексиянын эмгек боюнча адисине 37 миң адам туура келет.

Көмүскө иштегендерди кошкондо бир инспекторго 55 миңден ашуун жумушчу туура келип жатат. Эл аралык эмгек уюмунун конвенциясына ылайык, норма боюнча бир кызматкерге көп дегенде 10 миңдей адам туура келиши керек. Реалдуу турмушта жагдайды текшерип чыгуу мүмкүн эмес. Профсоюзга мүчө болбосо, биз ал адамдар менен байланышып, укугун коргой албайбыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG