Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Гонконгдун администрация башчысы демонстранттардан кечирим сурады


Гонконг. 16-июнь, 2019-жыл.

Гонконгдун администрация башчысы Керри Лам 16-июндагы элге кайрылуусунда жергиликтүү бийликтин ишиндеги кемчиликтер үчүн өкүнө турганын айтты:

- Биздин ишибиз ушундай нааразылык жаратканына терең өкүнөм. Айтылган сын-пикирлерди кабыл алып, чечим чыгарабыз.

16-июнда Гонконгдо жүз миңдеген адамдар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Алар экстрадиция тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууну убактылуу токтотууга каршы болуп, аны биротоло чакыртып алууну талап кылышкан.

Мындан тышкары активисттер аймактын башчысы Кэрри Лам кызматынан кетип, ушул аптанын башындагы митинг учурунда демонстранттарга каршы күч колдонулганы үчүн кечирим сурашы керек экенин айтышкан.

Митингдин уюштуруучулары жекшемби күнкү акцияга 2 миллионго чукул адам келгенин кабарлашты.

Гонконгдун бийлиги экстрадициялоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуш кылган. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоонун жолдору жеңилдемек.

Гонконгдо аталган документке карата нааразылык акциялары бир жумадан бери уланып келет.

12-июнда мыйзам долбоору кайра каралмай болуп, бирок ага каршы чыккандар өкмөттүк имараттарга кеткен жолдорду тосушту. Ал кезде митингге чыккандардын саны ар кандай эсеп боюнча 300 миңден миллионго чейин жеткен. Тынчтык акциялары полиция жана элдин кагылышуусу менен аяктады.

Нааразы тарап Кытай бул документти борбордук бийликти сындагандарды куугунтукташ үчүн колдонушу мүмкүн деп эсептешет.

1842-жылдан бери Британиянын колониясы болуп келген Гонконг 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары өткөрүлүп берилген. Бирок акыркы убактарда Кытай Гонконгдун автономиясын чектөөгө багытталган бир катар кадамдарды жасап жатат.

XS
SM
MD
LG