«Ата Мекен» партиясынын абактагы лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев өзүнүн абалы, өлкөдөгү талкуу жараткан чуулгандуу окуялар боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Журналист Али Токтакунов менен 16-июндагы маектешүүдө Текебаев өзүнүн саламаттыгы тууралуу буларды билдирди:
- Дарыгерлерге рахмат. Мени жакшы дарылашты. Азыр ден соолугум жакшы. Маанайым да жигердүү. Анткени кадимкидей абалда эмес, азыркыга чейин күрөш абалындамын. Өзүмдүн укугума, принциптериме, жалпы эле Кыргызстандын алдында турган маселелерге көңүл кош эмесмин. Колумдан келген аракетти биздин партия, депутаттар аркылуу жасап жатам.
Быйыл 31-майда Текебаев саламаттыгына байланыштуу №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган. Ага дейре 3-майда Жогорку сот Текебаевдин жана аны менен бирге соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.
Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет. (NT)