Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Голан дөңсөөлөрүндөгү болочок конушка Трамптын аты коюлду


Бинямин Нетьянаху жаңы конуш түшө турган жердеги эстеликтин ачылышына катышып жатат. 16-июнь, 2019-жыл.
Бинямин Нетьянаху жаңы конуш түшө турган жердеги эстеликтин ачылышына катышып жатат. 16-июнь, 2019-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 16-июнда жаңы шаарча салына турган жерге коюлган эстеликтин ачылышына катышты. Анда ал келечектеги калктуу конушка АКШнын президенти Дональд Трамптын ысымы, тактап айтканда Трамп чокусу деген ат ыйгарылганын билдирди.

Жаңы конуш Израил басып алган Голан дөңсөөлөрүндө курулмакчы. Бул аймакты быйыл март айында Трамп «Израилге караштуу жер» деп расмий тааныганын жарыялаган.

Израил жалпы аянты 1800 чарчы чакырым болгон Голан дөңсөөлөрүн 1967-жылы «Алты күндүк согушта» басып алган. Тел-Авив аталган аймакты өзүнө каратып алганы менен эл аралык коомчулук аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG