Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Жумабеков: Матраимовдордун тоюна чакыруу менен баргам


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 19-июнда «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасында май айында бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага барганы, анда сүйлөгөн сөзү тууралуу соболго жоопко берди:

- Мен төрага катары кызматташым, КСДП фракциясынын депутаты Искендер Исмаиловичтен (ред: Искендер Матраимов) келген чакыруу кагазы менен баргам. Эми андай иш-чаралар депутаттар эл менен жолугушкан учурда, майрамдарда уюштурулат. Спорт оюндары болот, аларга барып турабыз. Эл менен жолугушабыз. Ошол иш-чара 9-майга туш келген экен, булар райондук администрация менен чогуу айылдагы, облустагы согуштун ардагерлерин чакырган. Аларга биз белек ала барганбыз. Анан жылда өтүп жүргөн, атасына арналган спорт оюндарына күбө болуп келдик. Ошол жерде эмне себептен «эл сыйлаган үй-бүлө» деп айттым? Ал жерге көп киши келип, аксакалдар бата беришти. Аксакалдар, апалар, жаштарга чейин ошол үй-бүлөгө жакшы сөздөрдү айтышты. Мен сөздү тандап сүйлөйм. Ошончо эл ошол үй-бүлөгө жакшы сөз айтып аткандан кийин мен жаран, адам катары «сыйга, урматка татыган үй-бүлө» деп өз баамды, оюмду трибунадан билдирдим. Алар менен катышым жок.

Дастанбек Жумабеков «сөз болуп жаткан иш-чарада ардагерлердин бирине тапшырылган «Жигули» машинесин Матраимовдор каржылаган эмес» деп айтты. Төрага аны алууга Жогорку Кеңештин бюджетинен да акча кетпегенин кошумчалады.

Быйыл 1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага спикер, биринчи вице-премьер-министр жана депутаттардын жоон тобу барганы, аларды мактап сүйлөгөнү катуу сынга алынган.

12-июнда парламенттин жалпы жыйынында спикер Жумабековдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөгөнү да талкууга түшкөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун дарегине коомчулукта сын күчөп, ал бажы тармагында иштеп турганда мыйзамсыз байыганы айтылып жүрөт. Матраимов муну четке кагып келет.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген. 2018-жылы апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берип, быйыл утуп алган. (NT)

XS
SM
MD
LG