Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Балыкчыда батуттан кулаган кыз чарчап калды


Балыкчы шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Балыкчы шаарында оодарылып кеткен батуттун алдында калган үч жашар кыз чарчап калды.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, ал Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо эсине келе албай жан берген.

9-июнда катуу шамалдан улам аталган шаардын Соң-Көл кичирайонунда балдар секирип ойноп жаткан батут оодарылып кеткен. Окуядан жабыркаган үч жашар кыз реанимацияга түшүп, анын бештеги эжесинин буту сынганы кабарланган.

Ооруканага жалпысынан бул күнү төрт бала келип түшкөн. Буту сынган кыздын абалы туруктуу экени, ал эми анын сиңдиси дароо реанимацияга жаткырылганы кабарланган. Кийин ал Бишкекке которулган.

Эже-сиңдиден сырткары ооруканага түшкөн дагы эки бала дарыгерлердин кароосунан өткөн соң үйүнө чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG