Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Грузия: бийлик парламенттик шайлоо системасын өзгөртүү боюнча талапка көндү


Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган.
Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган.

Грузин парламентиндеги башкаруучу коалиция нааразылык акцияларында айтылган талапка көнүп, парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө макул болду. Ага ылайык, 2020-жылдагы шайлоо пропорционалык система менен өтөт. Тактап айтканда, депутаттар жалаң партиялык тизме менен шайланат жана мындан ары шайлоо босогосу болбойт. Бул тууралуу башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын лидери Бидзина Иванишвили билдирди.

Тбилисидеги соңку нааразылык акцияларындагы башкы талаптардын бири шайлоо системасын өзгөртүү болгон. Азыр грузин парламентине депутаттар партиялык тизме жана мажоритардык система менен шайланат.

Нааразылык 20-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун айынан башталган. Ал Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Оппозиция Гавриловдун парламентте төрдө спикердин ордуна отуруп алып жыйын өткөргөнүнө кыжырданган жана алар муну Грузияны сыйлабастык катары баалап жатышат. Бул окуядан кийин грузин парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кеткен.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

XS
SM
MD
LG