Казакстанда Байкоңурга 25-июнда таң эрте «Союз МС-11» космос кемеси конду. Бортто канадалык жана америкалык астронавттар Давид Сен-Жак, Энн Маклейн жана орусиялык космонавт Олег Кононенко болгон.
Давид Сен-Жак менен Энн Макклейн Эл аралык космос станциясында 204 күн болду. Алар станцияга 2018-жылы 3-декабрда конгон.
Бул «Союздун» 2018-жылдын 11-октябрындагы авариядан кийинки алгачкы учушу болгон. Анда кеме учкандан кийин эки мүнөттөн соң эле бузулуп калып, экипаж авариялык абалда конууга аргасыз болгон.
Азыр Эл аралык космос станциясында орусиялык, америкалык астронавттардан куралган 60-экспедиция иштеп жатат. Эмки айдын башында аларга дагы үч адам кошулмакчы.