Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Грузия: оппозициялык депутаттын кол тийбестиги алынды


Ники Мелия.
Ники Мелия.

Грузиянын парламенти оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймылдан» шайланган депутат Ники Мелияны депутаттык кол тийбестигинен ажыратты. Бул үчүн 92 депутаттын 91и добуш берди. Бул тууралуу «Rustavi 2» телеканалы маалымадады.

Депутаттан кол тийбестик макамын алууну Грузиянын Башкы прокуратурасы өтүнгөн. Ал Тбилисидеги нааразылык акциясынын маалында адамдарды парламент имаратына чабуул коюуга жана полицияга каршылык көрсөтүүгө үндөгөн деп айыпталууда.

Мелия өзү жана анын тарапташтары муну четке кагууда. Алар акция мурда пландалбаганын жана анын уюштуруучусу болбогонун, оппозиция өкүлдөрү катардагы катышуучу катары гана кошулганын белгилеп жатышат.

Тблисиде нааразылык акциясына 20-июнда орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун грузин парламентинин спикеринин ордуна отуруп алганы себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылык акциясы учурундагы кагылышта 200дөй киши жабыркап, ондогону кармалып, кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG