Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Муфтияттын өкүлдөрү Орок айылына барып насаат айтып келишти


Ороктун тургундары.
Ороктун тургундары.

28-июнда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылынын мечитинде жергиликтүү тургундар менен муфтияттын өкүлдөрүнүн катышуусунда калкты ынтымакка үндөгөн жолугушуу болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн башчысы Билалидин Сайпиев улут аралык ынтымакты, биримдикти жана тынчтыкты сактап калуу боюнча баян окуду.

Чүйдүн Төмөнкү Орок жана Жаңы-Жер айылдарында да өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, милиция жана аксакалдар кийлигишип, токтотушкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG