Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Орусиянын Иркутск облусунда ташкындан бир нече киши өлгөнү кабарланууда


Иркутскидеги ташкын.
Иркутскидеги ташкын.

Иркутск облусунда суу ташкындан беш киши каза болуп, бир нече адамдын дайыны табыла элек. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч адам өлгөнүн кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча кирген суудан 351 адам ар кандай жаракат алды. Алардын 33ү балдар. Учурда 97 киши ооруканага жаткырылды.

Бир нече күндөн бери тынбай жааган нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып кеткен. Табият кырсыгынан улам аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин жергиликтүү бийлик облус боюнча он көпүрө бузулуп, 18 айыл-кыштак менен байланыш үзүлгөнүн, аэропортту, административдик мекемелерди, миңден ашуун үй-жайды суу каптап кеткенин маалымдаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG