Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Жапония кайрадан киттерге аңчылык кыла баштады


Китке аңчылык кылган кеме. Жапония, 26-апрель, 2014-жыл.
Китке аңчылык кылган кеме. Жапония, 26-апрель, 2014-жыл.

Жапония кит өндүрүшүн 30 жылдан кийин кайра жандантты. Киттер азайып кетишинен улам 1986-жылы аларды кармоого эл аралык тыюу салынган. Андан бери Жапония бул сүт эмүүчүнү илимий иликтөө максатында кармап келген. Туура алты ай мурда Токио Киттерди кармоого каршы эл аралык комиссиядан чыгарын эскерткен. 1-июлда бул чечим күчүнө кирди.

Кит өндүрүшү менен алектенгендер суудагы эң чоң жаныбарларды Жапонияга караштуу жерлерде гана кармоого убада берип жатышат. Бул жылдын соңуна чейин 227 китти кармоого уруксат берилди.

Жапондор илгертен кит уулап келишет. Токионун жаңы чечимин жаратылышты коргоочу уюмдар катуу сындашууда.

XS
SM
MD
LG