Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:28

Өспүрүм кыз Корри Гауфф Уимблдондо топ жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15 жаштагы америкалык Корри Гауфф Уимблдондун биринчи айлампасында атактуу теннисчи Винус Уильямсты утуп, элди айран-таң калтырды. Гауфф Уимблдон таймашынын тарыхындагы эң жаш катышуучусу болуп калды.

«Чоң шлемге» кирген төрт мелдештин, анын ичинде эки Уимблдондун жеңүүчүсү Винус Уильямсты уткандан кийин Гауфф көзүнө жаш алып, «мындай болорун өзү да күтпөгөнүн» билдирди.

Таймаштын экинчи айлампасында Корри Гауфф словакиялык Магдалена Рыбарикова менен беттешет. Ал эми дүйнөдөгү аялдар арасындагы номер экинчи теннисчи Наоми Осака ушул эле мелдештин биринчи айлампасында казакстандык Юлия Путинцевага утулуп калды.

21 жаштагы Осака былтыр «Чоң шлемдин» эки турнирин катары менен утуп, теннисчи кыз-келиндердин сап башына чыга алган.

XS
SM
MD
LG