Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Баткендин тургуну Тажикстанда барымтага алынганы айтылууда


Окуяны милиция териштирип жатат.

Баткен районунун Достук айылынын тургунун "тажикстандык өнөктөштөрү уурдап кетти" деп жакындары милицияга кайрылышты. Аталган айыл эки өлкөнүн чектеш аймагында жайгашкан.

Жакындарынын айтымында, кыштактын 27 жаштагы тургуну Газыбек Козубаевди 5-июлда түш ченде чогуу соода кылып жүргөн өнөктөштөрү "акчаңды алып кет" деп Тажикстандын аймагына чакырышкан. Ошол бойдон кайтып келген эмес.

"Жакындары аны тажикстандык өнөктөштөрү барымтада кармап турат" деп божомолдоп жатышат.

Облустук ички иштер башкармалыгынан алардан арыз түшкөнүн тастыкташты. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды. (JsA)

XS
SM
MD
LG