Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:36

Кыянбек Сатыбалдиев: Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жатат


Чаткал.
Чаткал.

Президентке караштуу Коопсуздук кеңешинин тоо-кен тармагындагы абалды жөнгө салуу боюнча чечимдерин айрым мекемелердин жана агенттиктердин жетекчилери көзгө илбей жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

- Быйыл эки жолу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамовду, Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси боюнча агенттиктин башчысын эл менен жолугушууга расмий чакырганбыз. Бирок кайрылууларыбыз жоопсуз калууда. Кен казган жерде экология, казылган аймактарды калыбына келтирүү маселеси турат. Мына ушул жагдайларды Рустамов элге келип түшүндүрүү иштерин алып барса, эл арасында нааразылык азаймак. Жергиликтүү бийлик азыр элдин да, инвесторлордун да укугун коргоп атат. Ар бир тийиштүү кызматтар өз милдеттерин так аткарбай жатат. Биз бул багытта өкмөткө жана президенттин атына кат даярдап жатабыз, – деди Сатыбалдиев.

Аталган агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов мекеменин ар бир аймактагы өкүлдөрү чакырылган жерге барып жатышканын, өзүнүн барышы зарыл эмес экенин билдирди. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясында өткөн жыйынга 200дөй жегиликтүү тургундар катышып, анда аймактагы кен казуу тармагы, аткарылып жаткан иштер талкууланып, облус жетекчиси тургундардын суроо-талаптарын укту.

Чаткал районунун аймагында алтын казууга учурда 101 лицензия берилген болсо, алардын ичинен 8 компания гана иштеп жатат. Быйыл Бишкекте 30-январда Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган жыйыны өткөн. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын» билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG