Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Сомалиде мейманканага коюлган чабуулдан 26 адам мерт болду


Сомалидеги Кисмайо шаарында мейманканага кол салуудан кеминде 26 адам каза болду.

Би-Би-Си өлкөнүн президенти Мохамед Абдуллахи Мохамедге шилтеме берип кабарлагандай, каза болгондордун арасында Канадада жашаган теги сомалилик белгилүү журналист Нодан Налаех, анын күйөөсү жана эки АКШ жараны бар.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү «Аш-Шабаб» террорчул тобу алды. Террорчул топ тараткан билдирүүдө кол салуу өлкөнүн өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, депутаттарга багытталганы айтылат.

Террорчулар алгач мейманкананын кире беришине жанкечти айдаган автоунааны жардырып, андан соң чабуулга өтүшкөн.

Кисмайо Сомалинин борбору Могадишодон 500 чакырым түштүктө жайгашкан. Буга чейин террорчулар байыр алган калаа катары белгилүү болчу. Бирок 2012-жылы өкмөттүк күчтөр аны өз көзөмөлүнө алган.

Сомалиде 30 жылдан бери жарандык согуш токтобой келет.

XS
SM
MD
LG