Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Жаштардын күрөш боюнча Азия чемпионаты: Кубатов финалда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык балбан Байсал Кубатов күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Тайланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Байсал Кубатов эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Кубатов мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач түштүк кореялык Жеонгву Паркты 2:2 эсебинде, жарым финалдык беттеште кытайлык балбан Тең Жаону 7:2 эсеби менен утуп, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Финалдык мелдеш Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталып, анда Кубатов жапониялык Татсуа Шираи менен күч сынашат.

Байсал Кубатовдон сырткары кыргызстандык эркин күрөшчүлөр Икрамжон Хаджимуродов (61 кг) менен Сымбат Сулаймановдор (92 кг.) коло байге үчүн күрөшөт.

Эркин күрөш боюнча 13-июлда өткөн мелдештерде Арсланбек Турдубаев (97 кг) жана Таирбек Жумабек уулу (57 кг.) коло байгелердин ээси болушту.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 9-июлда башталган. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш байгенин ээси болгон.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын медаль тагынса, Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Нураида Анаркулова (57 кг) күмүш медалдардын ээси болду.

Жаштар арасындагы Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG