Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Ооганстандын чыгышында журналистти өлтүрүп кетишти


Пактия чөлкөмү, Ооганстан.
Пактия чөлкөмү, Ооганстан.

Ооган полициясы Пактия чөлкөмүндө радио журналист киши колдуу болгонун маалымдады. Надер Шах Шахибзаданын сөөгү ишембинин кечинде, дайынсыз жоголгондон бир күн өткөндөн кийин табылган.

Полициянын башчысы Мохаммад Хосман Янбаздын айтымында, «Радио Гардестин» алып баруучусу кандай жагдайда ажал тапканы, кылмыштын анын кесиптик ишмердигине байланышы иликтенүүдө.

Кол салуунун артында ким турганы белгисиз. «Талибан» кыймылы жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун согушкерлери журналисттерди бутага алганы Ооганстанда буга чейин көп катталган. Былтыр Ооганстан журналисттер үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган. Нью-Йоркто жайгашкан «Кабарчыларды коргоо комитетинин» маалыматы боюнча өткөн жылы кеминде 13 журналист ишине байланыштуу өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG