Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Шаардык сот "Совок" деп жазган окутуучуну актады


Темир Болотбек.
Темир Болотбек.

Бишкек шаардык соту “улут аралык кастыкты козутту” деп шек саналган окутуучу Темир Болотбекти актаган өкүм чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Жыргал Бабаев 18-июлда кабарлады. Анын айтымында, сот мугалимдин кыймыл-аракетинен кылмыштын курамын тапкан эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке каршы 2018-жылы 1-мартта “улут аралык кастыкты козуткан” деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Буга анын “Фейсбукта” Кыргызстан эгемендик алганга чейин Бишкекте салынган имараттарды сындаганы, аларга суктангандарды “совок” деп атап, “Рашага көчүп кеткиле” деген маанидеги сөздү жазганы негиз болгону кабарланган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-майда “улут аралык кастыкты козутту” деп шек саналып жаткан Темир Болотбекти актаган өкүм чыгарган.

16-майда прокуратура Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө байланыштуу шаардык сотко даттанган. Шаардык сот ушул арыздын негизинде ишти карап, Болотбекти актаган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

“Медиа Полиси Институту” уюмунун буга чейин билдирген маалыматына караганда, жалпысынан үч экспертиза жүргүзүлгөн. Уюмдун демилгеси менен уюштурулган психологиялык-лингвистикалык экспертизаны орусиялык филологдор өткөрүп, ал кастыкты козуткан эч нерсе айтпаганын, “совок” деген сөз улут аралык кастыкты козгобой турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG