Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

ИИМ: Атамбаев суракка келиши керек


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайткандан кийин суракка өзү келиши керек деп эсептейт.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча комментарий берип жатып билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин талабы боюнча Алмазбек Атамбаев күбө катары Тергөө кызматына суракка келиши керек. Мыйзам боюнча ИИМ анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу сала албайт. Бирок ал мамлекетке кайра кайтып келерин жарыялады. Алмазбек Атамбаев келгенден кийин мыйзамдуу талаага кайтып, өзү суракка келет деп ойлойбуз», - деди Аманкулова.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда Канттагы авиабаза аркылуу Орусияга учуп кетти. Аны менен кошо Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков да кетти.

Атамбаев Кыргызстанга эртең, 25-июлда кайтып келерин айтты.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча буга чейин ИИМ Атамбаевди үч жолу суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июлда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө «элдик штаб» түзүп, топтолуп турат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет. (BTo)

XS
SM
MD
LG