Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Пара чыры: аткаминер 14 жылга соттолду


Сот залынан тартылган сүрөт. 30.07.2019
Сот залынан тартылган сүрөт. 30.07.2019

Бишкектин Биринчи май райондук соту транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга абакка кести.

Сот «Жусубалиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган», «опузалап ири өлчөмдө пара алган» деп тапты.

Аны менен кошо айыпталган Болот Токтобаев алты жылга кесилди, судья дагы бир айыпталуучу Бехруз Гулрузовду 2 миллион сом доого жыгып, сот залынан бошотту.

Жусубалиевдин жактоочусу судья алардын өтүнүчү менен жүйөлөрүн эске албаганын айтып, райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга арыздана турганын билдирди.

Мындай чечимди 30-июлда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды. Ал сот өкүмүндө Азимкан Жусубалиев автоунаа жолун куруу боюнча тендерде италиялык компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн акча талап кылганын жана аны кантип, кимдер аркылуу алганы тууралуу тергөөнүн жана сотто сурак бергендердин көрсөтмөсүн окуду.

Жыйынтыгында Жусубалиевди үч берене боюнча күнөөлүү деп таап, 14 жылга абакка кести.

Марат Сыдыков.
Марат Сыдыков.

«Жусубалиев Азимкан Ильясович Жазык-кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен күнөөлүү деп табылып үч жылга, Жазык-кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара алуу») менен күнөөлүү деп табылып 10 жылга, Жазык-кодексинин 325-беренеси («Пара алуу») менен айыптуу деп табылып тогуз жылга кесилсин. Жазык-кодексинин 59-беренесине ылайык, жалпы 14 жылга соттолсун».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жусубалиевди өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын жарыялаган. Атайын кызматтын материалына ылайык, ал каражатты Нарындын Эпкин - Баш-Кууганды (Жумгалдан Кочкорго чейинки) аймагындагы жолду курууга өткөрүлгөн тендерде италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» ишканасынан пара катары алган.

УКМК Жусубалиев аталган компаниядан ага чейин ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алганын, ал эми ортомчулук милдетти анын тууганы Болотбек Токтобаев аткарганын билдирген.

Бул иш боюнча «Todini» компаниясынын Алматы шаарындагы филиалынын коммерциялык директору Бехруз Гулрузов да камакка алынган.

Сот Болотбек Токтобаевди «пара алууда ортомчулук кылган» деп алты жылга кести. Бехруз Гулрузовду «пара берүү» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 2 миллион сом айып салды жана сот залынан бошотту.

Азимкан Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев райондук соттун мындай чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.

«Өкүм туура эмес чыкты. Себеби, сот биз келтирген жүйөлөрдүн бирин да көңүлгө алган жок. Азимкан Жусубалиев мыйзамсыз чогулган далилдердин, мыйзамсыз берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде соттолду. Гулрузов өзүн сактап калыш үчүн Жусубалиевге каршы көрсөтмө берип, ошонун негизинде азыркыдай өкүм чыкты».

​​Ири коррупциялык ишке байланыштуу тендердин тарыхына кайрылсак. Эпкин - Баш-Кууганды аймагындагы 69 чакырым жолду куруш үчүн 2017-жылдын июль айында тендер жарыяланган.

2018-жылы 16-февралда алты компаниянын ичинен жол салыш үчүн 38 млн. доллар сунуш кылган азербайжандык «Azvirt Limited Liability Company» тендерден утуп чыккан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жусубалиев аталган компанияга бут тосуп, аягында ал жол куруу келишиминен баш тартууга аргасыз болгон.

Ал эми тендерди 40 миллион 751 миң доллар сунуш кылып, экинчи орунда турган «Todini» утуп, 2018-жылдын сентябрь айында Транспорт жана жолдор министрлиги менен келишим түзгөн. Атайын кызмат башта Жусубалиев «Todini» ишканасынын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар талап кылганын билдирсе, сотто ал 500 миң доллар сураганы айтылды.

Адвокат Жыргалбек Бабаев бул ишке байланыштуу жол куруу боюнча бир нече министрликтердин өкүлдөрү кирген тендердик комиссиянын мүчөлөрүн күбө катары суракка алууну сунуштаганын айтууда. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

«Жусубалиевге «ал бир компаниянын кызыкчылыгын коргоп, тендерди утууга жардам берген» деген айып коюлуп аткандан кийин тендердик комиссиянын мүчөлөрүн сураш керек эле. Тендер кандай өттү эле, эреже бузулганбы же жокпу деп сураш керек болчу. Сот бирок ага көңүл бурган жок. Мен ошондуктан сот ишти ар тараптуу караган жок деп эсептейм».

​Сотто Азимкан Жусубалиев акыркы сөзүн айтып жатып дал ушул маселеге көңүл бурду. Ал да Эпкин – Баш - Кууганды жолун куруу боюнча жарыяланган тендерди көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү суралбаганына нааразы болду. Ал ага коюлуп жаткан айыптарды толугу менен четке кагып, министрликте аткарган иши тууралуу мындай деди.

«Транспорт жана жолдор министринин орун басары катары автоунаа жолдорун көзөмөлдөп тургам. Мен иштеп атканда республика боюнча жалпы жонунан 13 ири долбоор ишке ашырылып жаткан. Ага ар кандай келишимдердин негизинде эл аралык компаниялар катышкан. Биз бул долбоорлордо эч кандай кызыкчылыктарга жол берген эмеспиз».

Бул иш убагында абдан чоң талкуу жаратып, президент Сооронбай Жээнбеков министрликтин ишин сынга алган. Мындан соң ошол кездеги транспорт министри Жамшитбек Калилов жумуштан кеткен.

Ал эми чуулгандуу тендерди утуп алган компания учурда жол куруу иштерин жүргүзүп жатканын Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов кабарлады.

Жусубалиев кийинки убакта ири коррупциялык ишке айыпталып, сот өкүмү чыккан аткаминерлердин алгачкысы болуп калды. Азыркы тапта Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбооруна байланыштуу мурдагы премьер-министрлер баш болгон бир катар жогорку даражалуу аткаминерлердин соту болуп жатат. Андан тышкары бир катар чиновниктердин аты аталган Тарых музейин оңдоп-түзөөгө байланыштуу иш да сотто каралууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG