Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Бишкекте кезектеги кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өтөт


Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Ош, Кыргызстан. 18-декабрь, 2018-жыл.
Өзбекстан менен Кыргызстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Ош, Кыргызстан. 18-декабрь, 2018-жыл.

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өтөт.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-августта Кыргызстанга иш сапар менен өзбек премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Арипов менен кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин соңку жолугушуусу 2018-жылдын декабрында өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.

XS
SM
MD
LG