АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, токой өртүнө каршы күрөшүүдө жардамын сунуштады. Бул тууралуу "РИА Новости" Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди. Сүйлөшүү Ак үйдүн демилгеси менен өткөнү белгиленген.
"РИА Новости" жазгандай, Путин Трамптын сунушуна ыраазычылык билдирген. Орусия лидери эгер жардам керек болсо, кабыл аларын айткан. Путин АКШнын сунушу эки өлкөнүн толук форматтуу мамилелеринин жанданышынын башаты экенин белгилеген.
Америкалык тарап телефондук сүйлөшүүлөр боюнча үн ката элек.
Шаршембиде Путин токой өртүн өчүрүүгө Коргоо министрлигин тартууга буйрук берген. Бир нече күн мурда Красноярск крайынын губернатору Александр Усс Сибирдеги өрт эмне себептен өчүрүлбөй жатканын түшүндүргөн. "Бул кадимки эле табигый көрүнүш, күрөшүүдөн пайда жок, зыяны көбүрөөк болушу мүмкүн", деген.
Орусиянын Красноярск крайында, Иркутск облусунда жана Якутияда токой өрттөнүп жатат. Соңку маалыматтарга ылайык, өрттүн аянты 3 миллион гектардан ашты.