Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Абылгазиев: Аткезчиликке каршы иш канааттандырарлык эмес


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы товар анын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарды өлкө аймагына мыйзамсыз ташуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, салык төлөөдөн баш тартууга каршы чараларды күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызмат маалымдады.

Абылгазиев салык көлөмүнүн азайышына көп жылдан бери чогулган салык системасындагы алешемдиктер себеп болууда деп эсептейт.

“Бардык мамлекеттик органдар бул багыттагы ыкчам ишин күчөтүү керек. Бүгүнкү күнү ал канааттандырарлык эмес жана зор көңүл бурууну талап кылат”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул жааттагы иштерди жеке көзөмөлгө алууну тапшырып, бардык тескөөчү жетекчилерге жеке жоопкерчилиги тууралуу эскертти.

Буга чейин парламенттеги айрым депутаттар өлкөгө ташылып келген күйүүчү майдын ар бир төртүнчү литринен салык алынбай жатканын айтып чыгышкан. Экономика министри Санжар Муканбетов өкмөттүн 24-июлдагы жыйынында Кыргызстанда салык жыйноо 3,5 миллиард сомго кыскарганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG