Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жараланган баш-аягы 45 киши Бишкек шаарындагы бейтапканаларга жана Чүй облустук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин министрлик жараат алгандардын арасында күч түзүмдөрүнүн 15тен ашуун өкүлү бар экенин, алардын бири Атамбаевдин үйү тараптан атылган аскердик октон каза тапканын маалымдаган.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, учурда 43 адам ооруканада жатат. Бир киши үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү. Ооруканага жеткирилген адамдардын 13ү желим октон, төртөө ок атуучу куралдан жабыркаса, жыйырмадан ашуунунун мээси чайкалган.