Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Карамушкинаны ИИМдин Тергөө кызматына алып кетишти


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинаны Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып кетишти.

«Апрель» телеканалынын "Фейсбуктагы" баракчасына чыккан видеотасмада көрүнүп тургандай, Карамушкинаны «Форум» имаратынан өздөрүн аталган кызматтын өкүлү деп тааныштырган эки адам жеңил машине менен алып кетти. Алар эч нерсе түшүндүргөн жок, кармоонун себебин тергөөчү түшүндүрүп берерин гана айтышты.

Карамушкина - 8-августта кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапкерлеринин бири.

Ички иштер министрлиги Карамушкина боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек. (RK)

XS
SM
MD
LG