Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Атамбаев 26-августка чейин камакта калды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу абагында кармалат.

Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-августта караганын аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, Атамбаев Жазык кодексинин “Кылмышка кошо катышуу” (43-берене, 2-бөлүк) жана “Коррупция” (319-берене, 2-бөлүк) беренелери боюнча шектелүүдө.

Бүгүн, 9-августта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинаны Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып кетишти.

«Апрель» телеканалынын "Фейсбуктагы" баракчасына чыккан видеотасмада көрүнүп тургандай, Карамушкинаны «Форум» имаратынан өздөрүн аталган кызматтын өкүлү деп тааныштырган эки адам жеңил машине менен алып кетти. Алар эч нерсе түшүндүргөн жок, кармоонун себебин тергөөчү түшүндүрүп берерин гана айтышты. Карамушкина - 8-августта кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапкерлеринин бири.

Ички иштер министрлиги Карамушкина боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.

Фарид Ниязов
Фарид Ниязов

Атамбаевди колдогон КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов да 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын адвокатка шилтеме кылып айтканына караганда, Ниязовдун бөгөт чарасы 10-августта каралат. Бул маалыматты Ички иштер министрлиги да тастыктады.

Партиянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Асел Кодуранованы болсо милиция кызматкерлери үйүнөн алып кетишти. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Кодуранова соңку окуяларга күбө катары суракка чакырылганын билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбеков менен Мээрбек Мискенбаев ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Жээнбеков Кой-Ташта 7-8-августта болгон окуяларга байланыштуу чакырылганын «Азаттыкка» билдирди.

Кечээ КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева атайын кызматтын жоокерлерин барымтага алуу боюнча Ички иштер министрлигинде күбө катары сурак берген.

Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө камакка алынган. Аны 8-августта кечки саат жети чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетишкен.

"Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

9-августка караган түнү Бишкектин ар кайсы жерлеринде башаламандыктар болду. Айрым жол кесилиштеринде "Коопсуз шаардын" көзөмөл камералары талкаланган.

Милиция борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу заттарды колдонду. Чогулгандар Ак үйдүн жанына келе баштаган болчу. Жаалданган топ түрдүү кыйкырыктар менен аянттагы темир тосмолорду жылдырып, унаа жолду жаап салышкан.

Мурдагы президентти кармоо операциясынын экинчи күнүндө милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG