Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

«Апрель» телеканалына күч органдары мөөр басып кетишти


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Канат Каниметов. 2018-жылдын 10-декабрында «Апрель» телеканалынан көрсөтүлгөн маектен бир ирмем.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана журналист Канат Каниметов. 2018-жылдын 10-декабрында «Апрель» телеканалынан көрсөтүлгөн маектен бир ирмем.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык «Апрель» телеканалына күч органдары мөөр басып, кеңсени жаап кетишти.

Бул маалыматты каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников ырастады. Ал «Форум» имаратына келген күч органдарынын өкүлдөрү телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты.

- Үчүнчү күн катары менен Кыргызстандын бардык аймагында «Апрель» телеканалынын эфир көрсөтүлбөй жатат. Бизди ар кайсы жерде ар кандай себеп менен өчүрүп коюшту. Мен мындай болуп кетет деп күткөн эмесмин. Телеканалдын мүлкүн, имаратын камакка коюу менен гана аяктайт деп ойлогом, - деди Ложников.

Ал 9-августтун кечинде болгон окуяларды сөз эркиндигин тебелөө аракети катары мүнөздөп, канал Интернет аркылуу эфирге чыга берерин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка коюлганын билдирди.

«Апрелдин» «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу берилген түз эфирде кечки саат 9 чамасында күч органдарынын атайын даярдыктагы кызматкерлери Бишкектеги телеканал жайгашкан «Форум» имаратынан чыгып жатканын көрүүгө болот.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды. Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенине байланыштуу иште күбө катары суракка баруудан үч жолу баш тарткан.

XS
SM
MD
LG