Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Опумбаев: Атамбаев төңкөрүш жасоо максатында кан төктү (видео)


Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев «өлкөдө төңкөрүш жасаш үчүн Алмазбек Атамбаев кан төгүшү керек болчу» деди. Ал бул тууралуу Кой-Таш операциясы боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин басма сөз жыйынында билдирди. Ошондой эле Атамбаев элди үйүнө чогултуш үчүн акча бергенин айтты:

- Ал эмне үчүн айланасына аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды жыйнады? Алардын ар бирине миң сомдон 3 миң сомго чейин төлөп турган. Бул милиция келгенде кагылыш кылыш үчүн уюштурулган. Ал үчүн атайын таштар да түшүрүлгөн. Өлкөдө төңкөрүш кылыш үчүн ага кан төгүү керек болчу. Мен муну расмий түрдө ачык айтам.

Опумбаев ушундан улам Алмазбек Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү УКМКга тапшырылганын жана ал мыйзамдуу болгонун кошумчалады.

Ал тергөөчү кылмыш ишинде өзүнө коркунуч туулган учурда рапорт жазып УКМКга кайрыларын айтты. Ошонун негизинде ал чечим кабыл алып, Кой-Ташка «Альфа» түзүмүнүн жоокерлерин жөнөткөнүн билдирди.

​Бүгүн күч органдарынын башчылары 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат берүүдө. Анын жүрүшүндө башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге бүгүн, 13-августта «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголгонун жарыялады.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир жоокери каза болуп, жалпысынан 136 адам жаракат алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG