Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:49

АКШ Конгрессиндеги эки мусулман аялга Израилге кирүүгө бөгөт коюлду


Илхан Омар (солдо) жана Рашида Тлаиб.
Илхан Омар (солдо) жана Рашида Тлаиб.

Израилдин бийлиги АКШнын Өкүлдөр палатасындагы демократтар Рашида Тлаиб менен Илхан Омарды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды. Алар экөө тең Конгресске шайланган биринчи мусулман аялдар.

Тлаиб менен Омар президент Дональд Трампты жана Израилдин Палестина автономиясына карата саясатын кескин сынга алганы менен белгилүү. Алар “Бөгөт, инвестициядан жана санкциядан баш тартуу” аттуу кыймылды колдоо пикирлерин билдирип келишкен. Израилдин мыйзамдарына ылайык, аталган кыймылдын тарапкерлерине өлкөгө кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Мурдараак Дональд Трамп Тлаиб менен Омарды кабыл алууга макул болсо Израил алсыздык көрсөтөрүн жазган.

Демократтардын Конгресстеги лидери Нэнси Пелоси израил бийлигинин чечимине терең кайгырганын жазса, Илхан Омар өлкөгө кирүүгө тыюу салуу аларды кемсинтүү экенин айтты. Өз кезегинде Тлаиб Израилдин чечимин алсыздык катары сыпаттады. Ал ага карабай келечекте анын сапарына уруксат берилишине үмүттөнөрүн билдирди.

Июлда АКШнын Израилдеги элчиси Рон Дермер америка-израил мамилелерин жана Конгресстин урматына Тлаиб менен Омарга Израилге кирүүгө уруксат берилерин билдирген.

Массалык маалымат каражаттары жазгандай, Конгресстин мүчөлөрү иш-чапардын алкагында Ал-Акса мечитине барууну пландашкан. Бул жер мусулмандар жана иудейлер үчүн ыйык болуп саналат. Ал Израил 1967-жылы алты күндүк согушуудан кийин алган аймакта турат. БУУ бул аймакты Израил аннексия кылып алган деп эсептейт.

Тлаиб түбү палестиналык, АКШнын Мичиган штатында туулган. Омар АКШга бала кезинде Сомалиден мигрант болуп барган. (ErN)

XS
SM
MD
LG