Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56

Москвада таза шайлоо үчүн акция өтүп жатат


10-августтагы митинг.
10-августтагы митинг.

Москва шаарынын Сахаров проспектисинде бүгүн, 17-августта Орусиянын коммунисттик партиясынын (КПРФ) таза шайлоо үчүн митинги башталды. Уюштуруучулар акцияга 60 миң киши катышарын маалымдашкан. «Белый счетчик» эркин мониторинг бирикмесинин маалыматы боюнча мындан туура бир жума мурун өткөн нааразылык акцияларга 60 миң адам чогулган. Бирок орус полициясы 10-августта 20 миңдей гана киши көчөгө чыкканын билдирген.

Сахарова проспектисинде бийлик уруксат берген митингге Москва убактысы боюнча түшкү саат бирде 4 миңден ашык адам келди. Анда КПРФ партиясынын лидери Геннадий Зюганов сөз сүйлөп, жаштарды макулдашылбаган акцияларга чыкпоого чакырды.

Буга улай эле Москва шаардык кеңешине көз карандысыз талапкерлерди жана 27-июлдагы башаламандыкка айыпталгандарды колдогон акциялар өтөт.

10-августта Москвада көчөгө чыккандардын саны 60 миңге жетип, сегиз жылдан берки ири нааразылык акциясы болуп калды. Таза шайлоо өткөрүү талабы менен өткөн акциялар маалында 325 киши кармалды.

Москвалыктар бийликтен шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Шайлоо 8-сентябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG