Гибралтардын бийлиги Ирандын «Grace-1» үлгүсүндөгү супертанкерин бошоткондон кийин кеме Грекиянын Каламата портун көздөй сүзүп баратат. Андан ары жөнөй тургандыгы азырынча белгисиз.
Тегеран буга чейин Панаманын желеги менен жүргөн кеменин «Grace-1» деген аты «Adrian Darya» болуп өзгөргөнүн кабарлаган.
АКШ кеменин бошотулганына байланыштуу Британияга нааразылык билдирген жана танкер менен байланышы бар портторго жана адамдарга санкция салынарын эскерткен.
Британиянын юрисдикциясында турган Гибралтар Ирандын кемесин 15-августта кое берген. Британ деңиз аскерлери 2,1 миллион баррел кара май ташып бараткан танкерди 4-июлда колго түшүргөн.
АКШ Иранды «Европа Биримдигинин санкциясын бузуп Сирияга мунай ташып бараткан» деген айыптаган.
Тегеран мындай дооматтарды четке каккан. Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгында 19-июлда Британиянын желеги тагылган кемени жана экипаждын 23 мүчөсүн камакка алган.