Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Бабановдун Финполициядагы бүгүнкү сурагы болбой калды


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 27-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) кайрадан суракка бармак. Бирок аталган партиянын өкүлдөрү сурак 29-августка жылып калганын маалымдашты.

Бул маалыматты Финполиция да бышыктады. Бирок 27-августка белгиленген сурак эмне үчүн болбой калганын билдирген жок.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Бабанов утулуп калган. Кийин Кыргызстандан чыгып кетип, бир топ убакыт тышта жүрүп, быйыл 9-августта кайтып келген. 19-августта Финансы полициясына, андан соң Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган.

Бабанов учурда УКМКда үч кылмыш иши боюнча, Финполицияда «Кыргызстан» банкынан башка да иштер боюнча сурак берип жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG