Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Украинада мурдагы министр чет өлкөдөн келгенде кармалды


Раиса Богатырева.
Раиса Богатырева.

Украинанын мурдагы саламаттык сактоо министри Раиса Богатырева өз ыктыяры менен чет жерде беш жыл жүргөндөн кийин Киевге учуп келгенде кармалды. Ал Украинага Беларустун борбору Минск аркылуу учуп келген. Чек ара кызматы Богатырева 27-августта Жуляны аба бекетинде кармалганын кабарлады.

Раиса Богатырева 2014-жылы бийликтен кулатылган президент Виктор Януковичтин тушунда министр болуп турган. Ал 2014-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.

Экс-министрге мамлекеттин 260 милллион доллар каражатын кымырып алган деп кылмыш иши козголуп, сыртынан айып коюлган.

XS
SM
MD
LG