Шашылыш билдирүү:
2-3-сентябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жол кыймылын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал багуунун түйшүгүн көбөйтөт.
Аба ырайы:
31-августта түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градус болот.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° болот.