Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, Ала-Арча улуттук паркына жакын жерде өрт чыккан. Тилсиз жоонун от алышына куураган чөптөрдүн күйүп кетиши негиз болгон.
Учурда өрт өчүрүү кызматынын үч бөлүмүнөн жалпы 232 куткаруучу тартылды. Токой чарбасынан 15, айыл аймактан кырктай киши тартылган. Өрт боюнча кошумча маалымат берилет. (TSh)