Улуттук банк каржы рыногуна интервенция жасап, 18 млн. 350 миң доллар сатты. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.
Өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү органы буга чейин 31-майда 27 млн. доллар, 8-апрелде 22,8 млн. доллар, 16-январда 18,8 млн. долларды сатыкка чыгарган. Натыйжада быйыл рынокко жалпысынан 86 млн. 950 миң доллар киргизилди.
2018-жылы жалпысынан 11 жолу интервенция жасалса, анын тогузунда америкалык валюта сатыкка коюлган. Анда 154 миллион 550 миң доллар сатылып, 20 миллион 550 миң доллар сатып алынган. (ErN)